Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:40

СДП: 27-мартта милиция кызматкерлери чектен чыкпаса


Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге 27-мартта боло турган республикалык акцияда милиция кызматкерлеринин чагымчылык аракеттерден алыс болушун сурап кайрылышты. Фракциянын бүгүнкү жыйынында депутат Роза Отунбаева ИИМ жетекчисине ал күнү оппозиция өкүлдөрү жана бийликке нааразы болгон элдер эртең менен чогулуп, өз позициялырын билдирип, кайра тарап кетишээрин кабарлады. “Ушул убакка чейин провокация уюштурган бир да аким жоопко тартыла элек”, - дейт Р.Отунбаев. Министр М.Конгантиев болсо кандай гана акция болбосун милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо үчүн гана иштешерин айтты. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG