Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

М.Конгантиев аны кызматтан кетишин талап кылгандар менен жолугушууга даяр


Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев анын кызматтан кетүүсүн талап кылган бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууга даяр. Министр мындай оюн СДП фракциясынын жыйынында укук коргоочу Бурул Макенбаеванын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. “Менин жана милициянын ишин эл бааласын. Мен кызмат ордуму таштап таштап кеткидей эч нерсе кылган жокмун”, - деди министр. Суроолорго жооп берип жатып М.Конгантиев милиция кызматкерлерине калктын 50-60% ишенет деген оюн билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG