Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:26

13-марттагы окуяны иликтөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлүш керек


Мындай сунуш менен “Ата мекен” партиясы чыкканын партиянын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Партия тараткан билдирүүдө 13-мартта табышмактуу шартта Медет Садыркуловдун каза болгону белгиленген. Ал окуяны иликтөө үчүн президент Курманбек Бакиев жол кырсыгын иликтөө үчүн тармактар аралык комиссия түзүүнү тапшырган. “Бул тапшыруу менен жол кырсыгы версиясы гана иликтенип калат”,- деп айтылат билдирүүдө. “Бул окуяны ачык жана ар тараптуу иликтөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлүп, анын курамына ар түрдүү саясий күчтөрдүн, өкмөттүк эмес уюмдардын, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү киргизилип, чет өлкөлөрдөн эксперттер чакырылыш керек”,-деп айтылган билдирүүдө.(AiT)

XS
SM
MD
LG