Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:56

Жалал-Абадда жергиликтүү бийлик 27-мартта митинг өткөрүүгө уруксат беришпей жатат


Ноокен районундагы Масы айыл өкмөтү 27-мартта митинг өткөрүүгө уруксат берген жок. Мындай маалыматты «Азаттыкка» бүгүн «Ата мекен» партиясынын облустагы тең төрагасы Советали Сеитбеков билдирди. Жергиликтүү бийлик анын себебин райондук стадиондо майрамдык –спорттук иш чараларды өткөрөөрү менен байланыштырды. Партия буга чейин ошо жерде жана Кочкор-Ата шаарында митинг өткөрүү маалымдамасы менен аталган айыл-шаар бийликтерине кайрылган. Шаар өкмөтү нааразылык акциясы Ош-Бишкек жолунун боюна белгиленип калыптыр деген жообун оозеки билдирген, бирок ал расмий түрдө тастыктала элек. "Макулдук берүүдөн баш тартканына карабай, 27-мартта сөзсүз митинг өткөрүп, анда өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды талкууга алабыз. Ушу тапта митинге даярдык көрүлүүдө"- деп билдирди С.Сеитбеков. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG