Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:08

Азербайжандагы референдум президенттин бийлигин чексиз кылууга жол ачты


Расмий маалыматтар боюнча, Азербайжанда кечээ өткөн референдумда шайлоочулардын көпчүлүк бөлүгү Конституциядагы президенттин бийлик мөөнөтүн чектеген жобону жокко чыгаруу үчүн добуш беришкен. Расмий булактар добуш берүүгө үч жарым миллионго жакын киши катышты деп кабарлашты. Мыйзамга ылайык, өнөктүк өттү деп жарыялоо үчүн ага шайлоо укугу бар атуулдардын эң аз дегенде 25 пайызы катышышы керек. Оппозиция референдумдун жыйынтыктарын бойкоттоого чакырууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG