Орусия, Молдова жана Днестр кылаасынын лидерлери 19 жылдан бери уланып келаткан талаштуу маселени чечүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жандантууга макулдашты. Москвада өткөн жолугушууда лидерлер Днестр кылаасында тынчтыкты орнотуу боюнча аскердик иш-чаралардын калыбын өзгөртүү тууралуу да макулдашышты. Буга байланыштуу келишимге Орусиянын президенти Дмитрий Медведев, Молдованын президенти Владимир Воронин жана Днестр кылаасынын жетекчиси Игорь Смирнов кол коюшту.