Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:41

А.Мамасалиев: “Ак жолдун” бөлүнүп-жарылуусуна жол бербейбиз


Жогорку Кеңештеги “Ал жол” фракциясынан депутат Алишер Мамасалиев Кой-Таш айлынын жанындагы жол кырсыгынан айрым саясатчылар, оппозиция өкүлдөрү саясий упай топтоого аракет кылып жатышат деп эсептейт.

- Кечээ “Ак жол” фракциясы менен жолугушууда башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев "Бүгүнкү күнгө чейин бир да адам таанылган жок. Бул ДНК аныкталгандан кийин белгилүү болот", - деп билдирди. Ал эми буга чейин ички иштер министри Молдомуса Конгантиев “күйгөн адамдын бириндеги чынжырчаны Медет Садыркуловдун жубайы тааныды, тишин дарылаган доктур дагы анын тиштерин тааныды”,-деген эле. Бул жерде бийлик тарабынан жашырылып жаткан кандайдыр бир купуя сыр болушу мүмкүнбү?

-Биринчиден калыс сөздү айтып коюш керек. Медет Чоканович жөнөкөй жаран эмес болчу. Бул жөнөкөй саясатчы эмес. Акыркы эки жылдан бери президент менен жанында жүрүп, чогуу иштешкен. Андан сырткары Медет Садыркулов “Ак жол” партиясынын мүчөсү, саясий кеңешинин мүчөсү болчу. Чындыгында бул абдан маанилүү маселе болуп жатат. Ошондуктан кечээ “Ак жол” фракциясынын жыйынында Башкы прокурордун маалыматы угулду. Бирок тилекке каршы көбүнчө депутаттардын суроолоруна биз баш прокурордон жооп ала алган жокбуз. Депутаттардын сунушу менен биз депутаттык комиссия түзүүнү кечээ талкууладык.

Андан сырткары сиз берген суроого мындай жооп берет элем. Айрым саясатчылар, оппозициянын өкүлдөрү бул окуядан саясий упай топтоону аракет кылып жатышат да. Мен мындай деп жооп берет элем. Азырынча Башкы прокуратура тарабынан ыкчам иликтөө топ түзүлдү. Алар азыр бир топ чараларды көрүп жатат. 15 экспертиза өтөт экен. Бүгүнкү күндө жүз пайыз “Лексус” унаасында табылган сөөк Медет Чокановичтики деп айта албайт. Бирок сиз айткандай, анын дарыгери тишин тааныптыр. Ошол Медет Чокановичке окшош деп жатат. Бирок бул жүз пайыз аны аныктап эч ким айта албайт. Кечээ башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев бизге убада берди 15 күндүн ичинде Москвадан ДНК экспертизанын жыйынтыгы Бишкекке келиши керек деп.

- Коомчулукта айтылып жаткандай Зайнидин Курманов, Галина Куликова, Лейла Сыдыкова, Алишер Мамасалиев жана башка он сегиз депутатты парламентке Медет Садыркулов алып келген. Алар бул окуяга эч кандай реакция кылган жок дешүүдө. Буга сиздин пикириңиз кандай?

- Биринчиден сөз мындай да. Ошол “Ак жол” партиясы шайлоо алдында түзүлгөндө ачык айтыш керек Медет Чоканович өзүнүн чоң-чоң салымын кошкон. Аны эч ким тана албайт. Ал кишини мен жакшы тааныйт элем. Ал президенттик администрациядан кеткенде мен бир интервьюмда айттым эле. “Мен Садыркулов менен иштешкенге, ошол мезгилде мамиле түзгөнгө аракет кылгам. Себеби ошол маалда бул киши өзүнүн тажрыйбасын көргөзүп, өзүнүн позициясын көргөзүп, Кыргызстанда болуп жаткан окуяда президент менен Жогорку Кеңештин ортосунда карама-каршылык болгондо бул киши Кыргызстан үчүн өзүнүн чоң салымын кошкон. Ошондуктан мен айтып атпаймынбы бул жөн эле киши эмес. Бүгүнкү күндө биздин партиянын саясий кеңешинин мүчөсү болгон. Президент бул маселе боюнча бир топ министрлерге тапшырма берди.

- Алишер мырза, эгерде күйүп өлгөндөрдүн бири чындыгында Медет Садыркулов болсо, “Ак жол” фракциясы бөлүнүп-жарылып, ич ара пикир келишпестикке барбайбы?

-Бүлүнүп-жарылууга эч кандай жол бербейбиз. Мен ойлойм ушундай окуя болгондон кийин биз биригебиз. Кечээ деле Башкы прокурорго эгерде бизден кандай жардам керек болсо, биз жардам берүүгө даярбыз деп айттык. Анан кечээ деле өзүбүз бул маселе боюнча атайын депутаттык комиссия түздүк. Бүгүн пленардык жыйында бул сунушту коебуз. Мен ойлойм биздин коллегалар СДП, Кыргызстан коммунисттери фракциясынан биздин сунушту колдоп бирден өкүлдөрүн ошол комиссияга кошот деп.

- Маегизге рахмат.

XS
SM
MD
LG