Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Социал-демократтар кылмыштуулук боюнча билдирүү таратты


Анда өлкө атуулдары өз коопсуздугуна тынчсызданып жатканы белгиленип, ага милициянын адам укуктарын бузуу менен камакка алуулары, саясатчылардын белгисиз жоголушу жана мамлекеттик ишмердин табышмактуу шартта каза болушу негиз берип жатканы аталган. Билдирүүдө ошондой эле милиция тарабынан кыйноолорго жол берилгени, Башкы прокуратура тарабынан ага каршы чара көрүлбөй жатканы белгиленген. Буга байланыштуу партия тартип коргоо органдары адамдардын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш деп, президентти күч структураларында чыныгы реформаларды жүргүзүүгө, алардын ишин көзөмөлдөө үчүн Байкоочулар кеңешин түзүүгө чакырган.(AiT)

XS
SM
MD
LG