Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:38

Конституциялык сот президенттик шайлоо мөөнөтүн бүгүн аныктайт


Конституциялык соттон алынган маалыматка караганда, бүгүн Конституциялык сот президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктоо боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун арызын кароого киришти. Соттун корутундусу бүгүн эле жарыяланышы күтүлүүдө. Белгилүү болгондой Асылбек Жээнбеков президенттик шайлоо 2003-жылкы Конституцияга ылайык быйыл күзүндө болуш керектигин билдирген. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматовдун билдирүүсүнө караганда, Конституциялык соттун чечимине жараша мамлекет башчысы өз билдирүүсүн жарыялашы белгиленүүдө.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG