Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

Ноокат окуясы боюнча соттолгондордун туугандары Бишкекке келишти


Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтуусунда, соттолгондордун жакын туугандары шаарга чындык издеп келишкен. “Ноокаттагы окуядан соттолгон 32 адамдын тагдыры ар башка болуп жатат. Алардын бардыгы эле ошол күнү райондун борборунда болгон баш аламандыкка катышкан эмес. Айрымдары үйүндө, айрымдары тоодо жүргөн. Булардын баарын чогуу кармап, баарына бирдей мамиле кылып эле чогуу соттоп, өтө чоң мөөнөттөрдү берип салган”, -дейт укук коргоочу. Анын айтуусунда, азыр 32 кишинин ичинде 2 аял, 2 өспүрүм, 2 акыл эсинен жабыркаган бала бар. Алардын ичинен бир адам гана Хизб-ут-тахрир уюмунун мүчөсү экендигин мойнуна алган. Бирок ал ошол күнкү баш аламандыкка катышкан эмес. Эскерте кетсек, 2008-жылдын 1-октябрь күнү Ноокат районунда Орозо айтты майрамдоого байланыштуу чыр-чатак чыгып, натыйжада 32 адам сот жообуна тартылган. (AzK)

XS
SM
MD
LG