Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Кыргызстандык баскетболчулар NBA менен машыгууга жөнөштү


Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги маалымат жыйында сапардын уюштуруучулары дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча агенттиктин төрагасы Александр Воинов жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татьяна Гфеллер билдиришти. Кыргызстандык баскетболчулар NBA командасы менен жолугушуу үчүн 21-мартта АКШга жөнөп кетишет. Элчи айымдын айтымында, бул долбоор былтыр август айындагы авиакырсыктан курман болгондорду эскерүү иретинде уюштурулууда. "Бул сапар командага позитивдүү, эсте каларлык тажрыйба алууга түрткү берет деп үмүттөнөбүз. Бул сапар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы достуктун символу болуп калат деп ишенебиз”, - деп белгиледи элчи Татьяна Гфеллер. Александр Воиновдун айтымында, бул иш-чаранын эч кандай саясий өңүтү жок. (AzK)

XS
SM
MD
LG