Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:53

Жогору жактын буйругусуз элди зордоого эч кимдин кудурети жетпейт


Саясатчы Эмил Каптагаевдин айтымында, саясат Ноокат окуясы аркылуу элди коркутуп жатат. “Бул мамлекетте жүрүп жаткан саясат ошондой болуп жатат. Бул окуя менен бүт Кыргызстандын элин эч жакка чыкпагыла. Чыксаңар, буларга окшоп, 20-30 жылга камаласыңар" дегени. Сиздердин балдар көрсөтмө курал катары соттолуп кетип жатат. Алар саясат үчүн кетип жатат”, - деп белгиледи Эмил Каптагаев. Бүгүн Бишкекке Ноокаттан соттолгон 32 адамдын айрымдарынын туугандары келишкен. Алар соттолгондордун көбү бейкүнөө адамдар экендигин, сот адилетсиз чечим чыгаргандыгын билдирип, кайра тергөө жургүзүлүшүн талап кылып келишкен. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG