Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:39

Ооганстандагы бүгүнкү жарылуулардан таанымал депутат жана башка төрт адам каза тапты


Жол боюна көмүлгөн бомбалар өлкөнүн түштүк аймагында жарылды. Таанымал депутат Дад Мохаммад Хан, анын үй-бүлөсүнүн айтымында, Гильменд провинциясындагы жарылуудан каза тапкан. Ал талибердердин козголоңчул аракеттерин кескин сынга алып жүргөн адам эле. Гильменддеги жарылуудан башка төрт киши да мерт болгон.

Ал эми Нангархар провинциясындагы рейд учурунда ооган жана чет элдик аскерлер эки адамды мерт кылышкан. АКШ командачылыгынын айтымында, жок кылынгандар курал жасоо менен алектенген согушкерлер болуучу. Бул окуя орун алган район башчысынын айтымында, эки жердешинин өлтүрүлгөнүнеө байланыштуу 100дөй адам нааразылыкка чыкты.

XS
SM
MD
LG