Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:33

Бүгүн Жогорку Кеңеш кезектеги президенттик шайлоо өтчү күндү белгилейт


Кечээ парламенттин конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети шайлоо ушул жылдын 23-июлунда өткөрүлсүн деген чечимге келген жана аны бүгүн жалпы парламенттин кароосуна сунуштайт. Президент Курманбек Бакиев кечээ Конституциялык Соттун чечимине ылайык Жогорку Кеңеш президенттик шайлоо күнүн белгилейт жана жаңы шайланган президент ушул жылдын 25-октябрына чейин кызматына кириши керек деп билдирип, мамлекет башчы жана атуул катары Конституциялык Соттун чечимин аткарууга милдеттүү экендигин белгиледи. Президенттик шайлоо мөөнөтүн тактап берүү арызы менен Конституциялык Сотко Социал-демократтар партиясынын мүчөсү, депутат Асылбек Жээнбеков өткөн айда кайрылган болчу.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG