Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:48

Оппозиция шайлоого бирдиктүү бир талапкерин алып чыгышы мүмкүн


Оппозиция президенттик шайлоого бирдиктүү бир талапкерин алып чыгышы мүмкүн жана мындай түшүнүк оппозициячыл саясий партиялардын буга чейинки сүйлөшүүлөрүнүн өзөгүн түзгөн. Мындай маалыматты “Азаттыкка” “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, оппозиция бир талапкерди алып чыкпаса административдик басымга туруштук бериши кыйын болот, бирок талапкер азырынча белгисиз. Ал эми шайлоону жай мезгилинде өткөрүү бийлик үчүн ыңгайлуу, күзгө калтырса экономикалык кыйынчылык менен коштолуп бийликтин жеңишине оор болмок деген Темир Сариев шашылыш жарыяланган президенттик шайлоо өлкөдө көп карама-каршылыкты пайда кылышы мүмкүн экендигин белгиледи. БЭКтин мүчөсү Топчубек Тургуналиев болсо оппозиция Бакиевдер катышпаган, адилет шайлоо болсо гана талапкер көрсөтүлөт деп билдирди.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG