Линктер

шейшемби, 21-февраль, 2017 Бишкек убактысы 18:50

Испания Косоводон өз аскерин чыгарат


Испания НАТОнун Косоводогу тынчтык орнотуу күчтөрүнүн курамынан өз аскерлерин чыгарып кетет. Бул тууралуу Испаниянын коргоо министри Карме Хакон билдирди. Анын айтымында, болжол менен алты жүзгө жакын жоокер Косоводон августтун соңуна чейин чыгарылат. Испания – Косовонун көз карандысыздыгын тааныбай келген Евробиримдиктеги беш өлкөнүн бири. НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер Түндүк атлантикалык альянска кирген өлкөлөрдү Косоводогу жоокерлеринин санын кыскартпоого үндөөдө.


Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG