Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

“Саясий куугунтукка каршы күрөш комитети” жыйын курат


Бүгүн “Саясий куугунтукка каршы күрөш комитети” жыйынынын өткөрүп, милициянын кечээ “Ата Мекен” жана “Жашылдар” партиясынын мүчөлөрүнүн кармалышына саясий – укуктук баа берип, куугунтукту токтотууну талап кылган билдирүү таратат. Бул жөнүндө “Азаттыкка” комитеттин төрагасы Топчубек Тургуналиев билдирди. Анын айтымында, бийлик мыйзамды көзгө илбей куугунтукту күчөтүп, оппозициядагы партиялардын мүчөлөрүн 27-мартта боло турган нааразылык митингине чакырыктарды таратып жүргөн жеринен негизсиз кармады. Анткени Бишкек шаар мэриясы митинг өткөрүүгө расмий түрдө уруксаат бергенден кийин ага чакырык таратуу мыйзамга каршы келбейт,-деди Топчубек Тургуналиев. Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кечээ күндүз “Ата Мекен” партиясынын 14 мүчөсүн, кечинде “Жашылдар” партиясынын 2 мүчөсүн кармап, түшүндүрмө жаздыргандан кийин кое беришкен.(BD)

XS
SM
MD
LG