Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:22

Бейөкмөт уюмдар министр М.Конгантиев менен бетме-бет кездешип, талап коет


Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев өзүнүн кызматтан кетүүсүн талап кылган бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен 23-мартта жолугушат. Бул тууралуу бейөкмөт уюмдар кабарлашты. Алардын айтымында, жолугушууда милиция карапайым калктын коопсуздугу менен кол тийбестигин эске албагандыгы үчүн кооптуу болуп калгандыгын жана кыйноо ыкмасын колдонуп жатышкандыгын айтууга камданышууда.14-мартта 19 бейөкмөт уюм президентке кайрылуу жолдоп, анда Ички иштер министрин оор кылмыштарды иликтөөнү өз мойнуна алган менен натыйжа чыгара албай жатат деп кинелеп, аны кызматтан алууну талап кылышкан болчу. (BD)




Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG