Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:11

Б.Бешимов: Бул мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо


Мындай пикирин социал-демократиялык фракциянын лидери Бакыт Бешимов бүгүн президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктоо маселеси парламентте каралып жаткан учурда билдирди. Фракция лидеринин айтымында, шайлоону административдик каражаттарды пайдаланбай, адилет өткөрүү маанилүү. Социал-демократиялык фракция лидеринин орун басары Иса Өмуркулов болсо президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча кабыл алына турган чечимдерди мыйзамсыз деп атады. Анын айтымында, быйыл 25-октябрга чейин президенттик шайлоо болуш керек деп чечим чыгарууда Конституциялык сот жетекчиликке алган 2003-жылкы Конституцияда президенттик шайлоо октябрь айынын акыркы жекшембисинде өткөрүлүш керек деп гана жазылган. Ошондуктан азыркы жасалып жаткан аракеттер мыйзамсыз. Мурунку президент Аскар Акаев да Конституциялык соттун мыйзамсыз чечимдери менен үч-төрт жолу шайлоого барган. “Эгерде президент Курманбек Бакиев мөөнөтүнөн мурун шайлоого бараарын билдирип чыкса, анда мыйзамга ылайык болот эле”,-деп белгиледи Өмүркулов. Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону 23-июлга белгилөө маселелсин карап жатат.(AiT)

XS
SM
MD
LG