Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:50

"Азаттыктын" таңкы түз ободогу бүгүнкү талкуусунда Конституциялык Соттун президенттик шайлоону өткөрүү боюнча чечимине жана парламенттин шайлоо мөөнөтүн аныкташына байланышкан маселелердин тегерегинде сөз болду.


Талкууга “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен “Ар намыс” партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев катышты.

"Азаттык": -Өмүрбек мырза, сиздин оюңузча Конституциялык Соттун кечээги (19-марттагы) президенттик шайлоо ушул жылдын 25-октябрына чейин өтсүн деген чечими, парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин президенттик шайлоо 23-июлда өткөрүлсүн деген бүтүмү шашылыш кабыл алынган жокпу?

Ө. Текебаев:- Чечим шашылыш кабыл алынып жатат. Анткени бул бийликтин шаштысы кеткендигинин белгиси. Күндөн-күнгө бийликтин абройу кетип баратат. Күндөн-күнгө социалдык-экономикалык, саясий абал начарлап жатат. Ошондуктан эрте шайлоо өткөрүү атаандаштары даяр болбой турган учурда бурчтан чыга калып маарага жетүүнү көздөгөн айла-амал. Ооба, оппозиция 2009-жылы президенттик шайлоо болушу керек деп жүргөн.

Бирок эски, 2003-жылдагы Конституциянын редакциясына ылайык, президенттик шайлоо 2009-жылдын акыркы дем алышында, 25-октябрында болушу керек эле. Конституциялык Сот эмненин негизинде 25-октябрга чейин деген чечимин чыгарып жатат. “Ак жол” партиясы 25-октябрда президенттин укугу бүтөт, шайлоо 23-июлда болушу керек деген сөздү чыгарууда. Эгер 23-июлда президенттик шайлоо болсо, бүгүн-эртең шайлоо жарыяланышы керек. Ал эми төрт ай оппозициялык күчтөргө "чү" дегенде эле аздык кылат. Мына ушу жол менен Курманбек Бакиев өзүнө үстөмдүк алгысы келип жатат.

Э. Алиев: - Биздин пикир боюнча, Конституциялык Сот чечим кабыл алгандан кийин биз ага баш ийишибиз керек. Буга чейин 2009-жылы президенттик шайлоо болушу керек деп, айрым оппозициячыл саясатчылар айтып келген. Албетте азыркы иштеп жаткан президенттин колунда ресурсу көбүрөөк. Кийинки преиденттикке талапкерлердин мүмкүнчүлүгү азыраак болот. Бирок шайлоого катышып, өздөрүнүн программалары менен элдин алдына чыгыш керек.

“Азаттык”: - Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин 23-июлда президенттик шайлоо өткөрүү жөнүндө чечими мыйзам чегинде чечилдиби?

Ө.Текебаев: - Конституциялык Соттун бүгүнкү чечими, мындан мурда Жогорку Кеңеш кабыл алган Конституцияны жокко чыгарган чечими эски, жаңы Конституциянын дагы нормаларына сыйбайт. Бул жерде жөн эле саясий тапшырманы аткарып, чечим кабыл алганы көрүнүп турат. Жана айтып өткөндөй 2003-жылкы Конституцияда “президенттик шайлоо октябрдын акыркы аптасында өткөрүлөт”,- деп бадырайып жазылып турат. Азыркы Конституциялык Сот “25-октябрга чейин өткөрүлүшү керек”, - деп жазып коюп атат, бул деген сөз бүгүнкү бийликке үстөмдүк берип жатат. Бийлик шайлоонун мөөнөтүн жарыялоо колунда болгондон кийин, булар эбак мурдатан даярданган.

Саясатчылардын урук-туугандарына чейин коркутуп-үркүтүп, партиялардын студент мүчөлөрүнө чейин камап, иштерин жаап, анча-мынча партияларга жардам берип жаткан адамдарды текшерип, Кыргызстандан качырып жатышат. Моюн сунбагандарын камап, анча-мынчалары жок дагы болуп кетти. Мына кечээ эле бийликтин оппоненти болуп жүргөн М. Садыркулов дагы жок болду. Жалган жалааларды жаап, бүткүл мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, “мына эми биз шайлоого даярбыз”,- деп бүгүн президенттик шайлоо күнүнүн мөөнөтүн аныктаганы турат.

Албетте оппозициялык күчтөр президенттик шайлоого даяр. Оппозициялык күчтөр мыйзам чегинде шайлоо болсо бүгүн утуп кеткенге даяр. Бирок бүгүнкү бийлик криминалдык структураларды, ыкмаларды пайдаланып, соту, прокурору, милициясы баары баш болуп, мыйзамды бузууга, элдин добушун уурдаганга аракет кылат. Муну парламенттик шайлоо көргөздү. Ошондуктан оппозициялык партиялар жөн гана элдин добушун алганга даяр болбостон аны коргоп калганга, зарыл болсо мыйзамсыз иш жүргүзүп жаткан мамлекет менен чечкиндүү күрөшүүгө даяр болушу керек. Мен мамлекет менен деп айтам, аткени салыкчысы дагы, бажычы, дарыгер, мугалими дагы бүгүнкү бийликтин айтканын жасап, мыйзамдуулуктарды бузушат.

"Азаттык": Ушу жерден Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Автандил Арабаевдин комитет чечими тууралуу кечээки сөзүн уга кетели:

- Эгер президенттин ыйгарым укугунун бүтүү мөөнөтү 25-октябрь дей турган болсок, ушул күндөрдүн Конституциялык жана мыйзамдык каралган мөөнөттөрүн карап келгенде, 23-августка туура келет экен. Биз 23-августту карап көргөндө, биринчиден элдер отпускада болот, элдердин көпчүлүгү айыл-чарба, талаа жумуштарында болот. Ошолорду эске алып туруп 23-июль деп чечтик.

Бул мөөнөттү тактаганыбыздын негизгиси - биз 23-августан мурда президенттик шайлоо өткөрсөк болот. Эгер андан кеч өткөрүп кала турган болсок, биз процедуралык мөөнөттөрдү буза турган болсок анда Конституциялык соттун чечими ишке ашпай калышы мүмкүн. Ошондуктан биз муну алдыга коюп туруп, 23-июлга койдук. Бул күнү бейшемби болот экен. Эс алуу маалы болуп калса дагы бейшемби күнү президенттик шайлоого катышып, аларды жекшембиге чейин кармабайлы деген максат. Башкача айтканда бул президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктоодо биз Конституцияда, мыйзамдарда көрсөтүлгөн эрежелерди эске алып чыгарган чечим болду.

Ө.Текебаев:- “Ак жол” партиясынын өкүлү августта элдер эмгек эс алуусунда болот деп атпайбы, июлда бардыгы кызуу иштеп жаткансып сүйлөйт. Экинчиден “Ак жол” партиясы бул шайлоого көптөн бери даярданып жүргөн. Январь айында булар Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизишти. Мурун дем алыш күнү гана шайлоо болсо, эми ыңгайына карап каалаган күнү болот деп кабыл алган. Мурда бир адамдын ордуна экинчи адам кирип добуш бербесин деп бармакка белги басып текшерүү мүмкүнчүлүгү болсо, эми аны да алып салышты.

Мурун Шайлоо кодексинде президенттик шайлоо президенттин мөөнөтү бүтүп жаткан айдын биринчи дем алыш күнүндө болот десе, азыр төрт ай мурда мөөнтөтүнө байлабастан парламент чече алат деген чечимди парламент январь айында кабыл алды. Бийлик мурдатан эле президенттик шайлоого даярданып жатат. Айыл жерлерлериндеги жергиликтүү бийликтерге мурдатан эле буйрук берилген. БШКнын төрагасы Д. Лисовскийге эчак эле тапшырма берилген. Бийлик толугу менен шайлоодо фальсификациялап, Кыргызстандын келечегин уурдаганы атат. Ушундай ууру бийлик, кылмыш ыкмасын колдонгон бийлик кантип элди ойлойт? Кантип экономиканы оңдойт?

"Азаттык": Ушул жерде бул маселе боюнча Кыргызстан коммунистери фракциясынын депутаты А. Сейитказиевдин да пикирин уга кетели:


- Бүгүнкү күндө Кыргызстанга келип жаткан каражаттар биздин өндүрүшкө, экономикага, кыргыз элинин алдыга жылып кеткенине бүгүнкү күнү “тормоз” болуп калдыбы деп ойлойм. Бир гана коркунуч ошол келген акчалардын бары шайлоого кетип калабы деген менин шегим бар. Эмдиги жылы шайлоо болсо коркунуч болбойт эле. Орусиядан келген каражаттарга Камбар-Ата-1 ГЭСи башталмак, Камбар-Ата-2 дагы бүтмөк.

Э. Алиев: - Эми буга кошулса дагы, кошулбаса дагы болот. Бир жагынан бизге саясий туруктуулук керек болуп атат. Ал үчүн бийлик, оппозиция болуп бардыгыбыз кошулуп туруп салымыбызды салышыбыз керек болуп жатат. Эгерде туруктуулук болбосо экономикабыз дагы жылбайт, баягы сөздөрдүн бардыгы ошол бойдон калып калат аткарылбай.

“Азаттык”: - Өмүрбек мырза, Орусиядан келүүчү каражаттар президенттик шайлоого колдонулушу мүмкүн деген пикирге кандай карайсыз?

Ө. Текебаев: - Аны түздөн-түз президенттик шайлоого колдоно албайт. Ал эми мамлекеттик бюджеттеги, куржундагы акчалардын бардыгы ошол шайлоого кетет. Мен жогоруда айтпадымбы, мамлекеттик ишкана-мекемедегилер бардыгы шайлоого пайдаланылат деп. Орус кредити үгүттүк материал катары пайдаланылат. “Мына биз чечтик. Каражат келет. Маселелер бардыгы чечилген. Биз май көл, сүт көл болуп жашай беребиз”, деген үгүт иштерине курал болуп берет.

“Азаттык”: -
Эмил мырза, бизге саясий туруктуулук керек дедиңиз. Бийлик президенттик шайлоодо өткөндөгү 16-декабрдагы парламенттик шайлоодогудай ыкмаларды колдонсо элдин нааразылыгы күчөп кетиши мүмкүнбү?

Э. Алиев: - Мүмкүн. Толугу менен нааразылык болушу мүмкүн. Эгерде бийликте турган кишилер баягыдай эле бурмалоого жол берип, өздөрү ошого аралашса анда нааразылык болот.

“Азаттык”: - Өмүрбек мырза, 27-мартта “Бакиевсиз шайлоо” деген ураанды көтөрүп чыкпайсыңарбы?

Ө. Текебаев: - "Бакиевсиз шайлоо" - бүгүнкү күндүн актуалдуу маселеси. Анткени ал фальсификацияга гана барат. “Бакиевсиз шайлоо” деген ураан гана эмес, “Бакиевди жана Бакиевдердин үй-бүлөсүн дагы жоопко тартуу" деген ураан дагы бүгүн актуалдуу. Анткени бийликтен "кет" десең кетип калып, башка өлкөдө жыргап-куунап жашап жаткан учурларды көрүп жүрөбүз. Сөзсүз түрдө кызматтан кеткенден кийин Бакиевден баштап, сууну агызып, электр кубатын жоготуп, элди кыйнап жаткан азаматтардын бардыгы тарых алдында эле эмес, Кылмыш кодексинин алдында жооп бериши керек деп эсептейбиз.

“Азаттык”: - Эмил мырза, “Ар намыстын” лидери Феликс Кулов президенттик шайлоого барбастыгын “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Алдыдагы саясий иш чарага силердин партия кандай катышат?

Э. Алиев: - Мен учурдан пайдаланып өзүбүздүн партиянын мүчөлөрүнө, бизди колдоочуларга айтат элем. Ушул шайлоого кайдыгер болбой, оюн ачык айтып, фальсификацияга жол бербей шайлоо участкасына барып добуш берүүсү керек.
Талкууну Аманбек Жапаров уюштурду

Маегиңиздерге рахмат.
XS
SM
MD
LG