Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Президенттик шайлоо 23-июлда өтө турган болду


Жогорку Кеңеш бүгүн президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктоо маселесин карап, шайлоону быйылкы жылдын 23-июлунда өткөрүү сунушу 79 добуш менен колдоо тапты.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитети кечээ Конституциялык Соттун чечиминен соң бул маселени шашылыш карап, президенттик шайлоо күнүн 2009-жылдын 23-июлуна белгилеген. Бул маселе бүгүн парламенттин жалпы жыйынынын күн тартибине киргизилген.
Маселени талкуулоо учурунда Коммунисттер фракциясынын лидери Исхак Масалиев президенттик шайлоонун бул күнгө коюлушун колдоого алып, муну менен президент Курманбек Бакиевдин кызмат мөөнөтү бир жылга кыскарып жатканын белгиледи. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Чолпон Баекова да шайлоонун жай мезгилге коюлушун кубаттап, Кыргызстанда жазында, күзүндө дыйканчылык иштери кызуу жүргөн маал болоорун, ошондуктан июль айында шайлоо болушу туура экенин белгиледи.

Ошол эле учурда Социал-демократтар фракциясынын башчысы Бакыт Бешимов бул мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болоорун, шайлоону административдик каражаттарды пайдаланбай, адилет өткөрүү маанилүү экенин айтса, аталган фракциянын дагы бир өкүлү Иса Өмүркулов президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча кабыл алына турган чечимдерди мыйзамсыз деп атады. Анын айтымында, быйыл 25-октябрга чейин президенттик шайлоо болуш керек деп чечим чыгарууда Конституциялык Сот жетекчиликке алган 2003-жылкы Конституцияда президенттик шайлоо октябрь айынын акыркы жекшембисинде өткөрүлүш керек деп гана жазылган. Ошондуктан азыркы жасалып жаткан аракеттер мыйзамсыз. Мурунку президент Аскар Акаев да Конституциялык Соттун мыйзамсыз чечимдери менен үч-төрт жолу шайлоого барган. “Эгерде президент Курманбек Бакиев мөөнөтүнөн мурун шайлоого бараарын билдирип чыкса, анда мыйзамга ылайык болот эле”, - деп белгиледи Иса Өмүркулов.

Бул арада оппозиция президенттик шайлоого бирдиктүү бир талапкерин алып чыгышы мүмкүндүгүн айтууда. Бириккен элдик кыймылдын мүчөсү жана “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, мындай түшүнүк оппозициячыл саясий партиялардын буга чейинки сүйлөшүүлөрүнүн өзөгүн түзгөн. Анын айтымында, оппозиция бир талапкерди алып чыкпаса административдик басымга туруштук бериши кыйын болот, бирок талапкер азырынча белгисиз. Ал ошондой эле шайлоону жай мезгилинде өткөрүү бийлик үчүн ыңгайлуу, күзгө калтырса экономикалык кыйынчылык менен коштолуп, бийликтин жеңишине оор болмок, шашылыш жарыяланган президенттик шайлоо өлкөдө көп карама-каршылыкты пайда кылышы мүмкүн деген пикирин да кошумчалады.

“Ата Мекен” партиясы да президенттик шайлоого катышаарын, жарышка ким түшөөрүн оппозициячыл күчтөр менен кеңешип туруп чечээрин “Азаттыкка” партия төрагасы Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, бул маселе бийлик тараптан ким талапкер болоруна жараша чечилет. Анткени, азыркы президент ден соолугуна байланыштуу шайлоону шашылыш жарыялады жана ага катышпайт деген божомол бар.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин пикиринде болсо, бийлик эмки жылы күчөй турган каржы кризисинен улам жеңилип калбас үчүн шайлоону быйылкыга белгиледи жана бул “Ак жол” партиясынын юристтеринин мурдагы билдирүүлөрүнө карама-каршы.

Кечээ Конституциялык Сот кезектеги президенттик шайлоону быйылкы жылдын 25-октябрына чейин өткөрүү жөнүндө чечим чыгарган. Президенттик шайлоонун күнүн тактоо маселесинин көтөрүлүшүнө Жогорку Кеңештеги Социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Асылбек Жээнбековдун Конституциялык Сотко февраль айында жолдогон арызы негиз берген. Депутат өз атынан берген арызда Конституциянын президентти шайлоо жөнүндөгү 44-беренесинин 2-абзацынын 2-бөлүмүндөгү жобого ылайыктап, президенттик шайлоону өткөрүү мөөнөтүн тактап берүүнү өтүнгөн болчу.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG