Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:58

КУУ менен Чүй облустук администрациясынын ортосунда келишим түзүлдү


Бул туурасында облустук администрациянын басма сөз кызматы маалымат таратты. Маалыматка ылайык, эми Ж. Баласагын атындагы Улуттук университет аймактагы билим берүү мекемелерине педогогикалык багыттагы адистерди даярдап берет. «Соңку кезде мектепке жаш мугалимдердин келүүсү кескин кыскарып, пенсия жашындагылар басымдуу болуп барат. Учурда Чүй аймагындагы мектептерге 1030дан ашык мугалим жетишпейт, алардын ичинен информатика, кыргыз тили, математика, физика жана кенже класстардын мугалимдери өтө аз болууда», - деп билдирет басма сөз кызматы. Ал эми жаш мугалимдердин мектепке тартылбоосунун негизги себеби айлык акыга байланыштуу болууда. Алардын орточо айлыгы учурда 1309 сомду гана түзөт. (JJ)

XS
SM
MD
LG