Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

Жалал-Абат: Облгезиттин кабарчысы шаар прокурору менен адам укугун коргоо уюмуна кайрылды


Облустук «Акыйкат» гезитинин кызматкери Санжарбек Эралиев алардан өз укугун коргоону жана тартип сакчыларына чара көрүүнү өтүндү. Анын билдиришинче, 18-марттын кечинде ал шаардык ички иштер бөлүмүнүн сыз жеринде төрт жарым саат кармалып турган. Тартип сакчылары өздөрү туура эмес толтурган түшүнүк катка кол койдурууга аракет кылган. Ишкананын артындагы далдаа жерде кармашкан милиция айып төлөөнү кыйытып, журналист аны мыйзамга ылайык төлөөрүн айтканда үйүндөгүлөргө кабар бердиртпей, бөлүмгө жеткиришкен. Жаман жыттуу, мас кишилер түшкөн жайга камашкан. Камалган жерде акчасы менен чөнтөк телефонун алып коюшуп, эртеси беришкен. “Шаардагы сойку кыздар тууралу сын макала жазганымдан кийин алар андып жүрүшкөн”, - дейт Санжарбек Эралиев. Шаардык милициянын башчысы Таалай Төрөканов Эралиевди облустук кайгуул-күзөт батальонунун кызматкерлери кармап, бөлүмдө эки саат болгонун жана ал административдик кодекстин 364 беренесин бузгандыгын билдирди.(YA)

XS
SM
MD
LG