Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:01

Ош юридикалык институтунун окутуучулары ректордун кызматтан кетүүсүн талап кылууда


Аталган окуу жайдын 80 чакты окутуучусу ушундай талап менен коюп жатканын юридикалык институттун профсоюз уюмунун төрагасы Жаанбай Эмилов бүгүн маалымат жыйынында ачыктады. Анын белгилөөсүнө караганда, ректор Эркин Дуйсенов жалаң кошоматчылар менен иштешип, пикири келишпеген мугалимдерди куугунтуктап, ошол эле учурда кызматынан кыянат пайдаланып келишим акы үчүн төлөнгөн каражаттарды жеке максатына пайдаланган фактылар байкалууда. Бирок эмгек жамаатынын өлкө жетекчилигине бир нече ирет кайрылуусунан майнап чыкпагандыктан, кесиптештери окуу жайдын башчысын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу эрөөлгө чакырууга аргасыз болуп олтурат. Ректор Эркин Дуйсенов менен байланышканыбызда, учурда текшерүү жүрүп жаткандыгын, анын жыйынтыгы чыкмайынча эмгек жамаатынын айткандарын четке кагаарын, же кубаттай тургандыгын айта албастыгын билдирди. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG