Кай Айд Ооган өкмөтүн август шайлоосу эркин жана ачык өтөт деп көргөзүүгө үндөдү. Анын айтымында, өнөктүктөгү мыйзам бузуулар өлкөдөгү бейстабилдүүлүккө май тамызышы ыктымал. Дипломат президент Хамид Карзайдын кызмат мөөнөтү аяктаган 22-май менен шайлоо күнгө чейинки убакытта өлкөдөгү башкарууну аныкташ керек деп белгиледи.
БУУнун Ооганстандагы өкүлү оппозициянын президенттик шайлоо калыс болбойт деген чочулоолоруна негиз бар деп эсептейт