Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:47

Талас шаар бийлиги митинг өткөрүүгө уруксат берген жок


Ага Талас шаардык соту кечээ кабыл алган чечим негиз берди. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Ата Мекен" партиясынын Талас облусу боюнча координатору Мухтарбек Шералиев билдирди. Анын айтымында, партия 27-мартта Талас шаарында митинг өтөөрү тууралуу кабарды шаар бийлигине 17-мартта берген. Шаар бийлиги ага жооп бербей, митинг өткөрүүгө тыюу салуу өтүнүчүн Талас шаардык сотко берип, аны арызда митингге канча киши катышаары тууралуу маалыматтын жоктугу жана коопсуздукту милиция сактап берсин деген өтүнүч жазылбагандыгы менен негиздеген. Сот арызды 20-мартта карап, жыйын өткөрүүгө уруксат берилбесин деген чечимди партия өкүлдөрүнүн катышуусусуз чыгарган. Соттун мындай чечимине нааразы болуп кечээ сот имаратынын алдына партиянын эки жүзгө жакын мүчөсү барышты жана 27-мартта баары бир митингге чыгабыз жана жөө жүрүш жасайбыз деп чечишти, - деп кабарлады Мухтарбек Шералиев. Ал эми Талас шаар башчысы жана сот менен байланыша албай, чечимге эмне негиз бергендиги боюнча эч кандай жооп ала албадык.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG