Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:57

Космостук бекет күн кубатын чогултуучу жаңы канатын жайды


Эл аралык космос бекетинде иштеп жаткан астронавттар Жерди айланган бул лаборатория-кемеге бейшембиде тагылган күн кубатын чогултуучу жаңы канаттарды ийгиликтүү түрдө жайды. Он жылдан бери курулуп жаткан космос бекети эми өзү үчүн керектүү электр кубатын толугу менен өз алдынча иштеп чыгара алат. Тагылган канаттардын жалпы узундугу 73 метрге жетет. Күн кубатын электр кубатына айлантууга багытталган бул канаттардын жалпы наркы 300 миллион долларга турду. Космосту тынч максатта иликтөөгө арналган Эл аралык космос бекети дүйнөнүн он алты өлкөсүнүн каражатына курулууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG