Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

АКШ Испаниянын Косоводон өз аскерин чыгаруу чечимин сынга алды


Испаниянын Түндүк атлантика аскерий ынтымагынын курамында Косоводо кызмат өтөп жаткан өз аскерлерин аймактан алып кетүү чечимин АКШ бийлиги сынга алды. АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Роберт Вуддун айтымында, Испаниянын мындай өкүнүчтүү чечими аймактан чогуу чыгуу тууралуу НАТО мүчөлөрүнүн келишимин бузгандык болуп саналат. Бейшемби күнү Испания бийлиги билдирүү жасап, аймактагы коопсуздук жакшыргандыгына байланыштуу август айына чейин Косоводогу испан аскерлери артка кайтарыларын айтышкан. Косоводо ушул тапта 15 миң 500 чамалуу НАТОнун аскери жайгашкан. Алардын 600дөн ашууну – испандар.

XS
SM
MD
LG