Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:33

Ирандын рухий лидери Иран саясаты АКШнын саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу дейт


Ирандын башкы рухий лидери саналган Аятолла Али Хаменейи бүгүн АКШ президенти Барак Обаманын соңку чакырыгына жооп кылып, эгерде АКШ Иранга карата мамилесин өзгөртө турган болсо, Тегеран да өз саясатын өзгөртүүгө даяр деп айтты. Бирок ал, Вашингтондун мындай видео тасма түрүндө айтылган чакырыктары чынында иш жүзүндө жасалып жаткан иштер менен тастыкталбай жатканын белгиледи. Бейшемби күнү АКШ президенти ирандыктарды жана алардын жетекчилерин Нооруз майрамы менен куттуктап, тынчтыкка негизделген эки тараптуу байланыштардын жаңы башатын ачууга чакырган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG