Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:31

Нарындагы Нооруз салтанатына быйыл эл көп келди


Нарын шаарынын борбордук аянтында өткөрүлгөн Нооруз - жыл ажыраш майрамына быйылкы жылы бир катар жергиликтүү талдоочулардын баамында, 5 миңдин айланасындагы адам катышышты. Бул мурунку жылдарга салыштырмалуу жогорку көрсөткүчтү түзөт. Аба ырайы болсо чаңкайып ачык болду. Салтанат аземди ачкан Нарын шаарынын Мэри Алмаз Кулматов губернатор Өмүрбек Суваналиевди президент Бишкекке чакырып кеткендигин билдирип куттуктоо сөз сөздү губернатордун биринчи орун басары Мирадил Бакашовго берди. Ал эми президент жана өкмөттүн атынан теңиртоолуктарды билим, илим министри Абдылда Мусаев куттуктады. Түшкө чейин аянтта өнөрпоздордун көркөм оюн, концерттери тартууланып, жергиликтүү уюм, мекемелердин арасында өткөрүлгөн улуттук тамак-аштын жана кийимдердин сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.(KUs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG