Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

Жалал-Абаттагы Нооруз азык-түлүк молдугуна чакырыктар менен коштолду


Жаңы күн салтанаты облбийликтин маңдайында өттү. Майрамга чогулгандарды куттуктаган губернатор Кошбай Масиров Нооруздун маанисине токтолуп, облустагы улут аралык ынтымак бекемдигин белгиледи. Өкмөт өкүлү Искендербек Айдаралиев президенттин март ыңкылабы бүгүн майрам болгон Жалал-Абаттан башталып, элдин эрки менен жаңы бийлик орногон деп сүйлөгөн сөзүн мисалга тартты. Министр элди талаа жумуштарын жакшы аткарып, азык-түлүк коопсуздугун сактоого чакырып, алдын-ала ыңкылап күнү менен да куттуктады. Майрам театрлаштырылган оюн зоок жана «Телтору» ат майданы менен «Курманбек» стадионунда спорттук мелдештер менен коштолду. (YA)

XS
SM
MD
LG