Линктер

жума, 24-март, 2017 Бишкек убактысы 06:41

Ошто БЭКтин эки мүчөсү абакка кесилди


Бул туурасында Бириккен элдик кыймылдын мүчөсү, «Мыйзамдуулукту сактоо» бейөкмөт уюмунун башчысы Абдыкайым Кангелдиев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, БЭКтин Ноокат району боюнча өкүлү Набижан Каримбердиев өзүм билемдиги жана бейбаштыгы үчүн айыпталып, төрт жылга күчөтүлгөн режимге кесилди. БЭКтин Ош шаарындагы дагы бир мүчөсү Абдумажит Мадумаровго алдамчылык кылган деген күнөө угузулуп, соттун чечиминин негизинде абакка киргизилди. Бул окуяларды жергиликтүү укук коргоочулар саясий куугунтук деп баалоодо. Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев Кангелдиевдин айткандарын төгүндөп, БЭКтин мүчөлөрүнүн камалышында саясий өңүт жоктугун ырастады. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG