Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Батыш өлкөлөрү Мадагаскардагы президенттик ант берүүнү айыптады


Батыш мамлекеттеринин өкмөттөрү Мадагаскарда бийликти төңкөргөн топтун башчысы Андре Радзуэлина мырзанын бүгүн өлкөнүн мамлекет башчысы катары ант беришин айыптады. Француз президенти Никола Саркози Мадагаскар элин мамлекет башчысын шайлоо аркылуу тандоого чакырды. Инд океанындагы арал мамлекеттеги бийликти 34 жаштагы оппозициячыл саясатчы, мурдагы ди-жей Андре Радзуэлина жетектеген топ апта башында тартып алган. Бул топко өлкөдөгү куралуу күчтөр да көмөкчү болушкан. Радзуэлинанын ант берүү жөрөлгөсү ордо шаар Антанаривудагы башкы стадиондо анын 40 миңдей тарапкеринин катышуусу астында өттү. Бийлик алмашууну “төңкөрүш” катары айыптаган АКШ, Франция, Германия жана Европа Биримдигинин бир катар өлкөлөрүнүн элчилери бул жөрөлгөгө катышуудан баш тартышты.

XS
SM
MD
LG