Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Майлуу-Сууда экстремисттик маанайдагы адабияттар табылды


Ички иштер министри таркаткан маалыматка ылайык диний адабияттар менен кармалган төрт адамдын иши улуттук коопсуздук кызматынын Майлуу-Суу шаардык бөлүмүнө берилди. “Алардын жанынан 20-мартта «Иегово күбөлөрү» аттуу жашыруун уюмдун токсонго жакын адабияттары менен көрмө тасмалары табылган”,- деп айтылат ал маалыматта. Ушул жумада болгон диний жагдайды талкуулаган жыйында облуста кырдаал олуттуу экендиги, ислам дини менен бирге христиандык-баптисттик агымдар күчөп баратканы белгиленген. Диникайырлыкка кыргыз жана өзбек улутундагы жаш адамдар көбүрөөк тартылып, келечекте диндер ортосунда коркунучтуу кырдаал жаралышы мүмкүн деген коптоонуулар айтылган. (YA)

XS
SM
MD
LG