Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:49

“Ачык саясат” гезитинин башкы редактору прокуратурага чакыртылды


Бүгүн биринчи май райондук прокуратурасынын өкүлдөрү “Ачык саясат” гезитинин башкы редактору Ырыскелди Момбековду аталган гезит бетинде жарыяланган БЭКтин кайрылуусу тууралуу түшүнүк кат бер деп прокуратууга өтүүнү талап кылышкан. Бирок. Ы. Момбеков “бүгүн дем алыш күн баралбайм”, - дегенине карабастан алар мажбурлап түшүнүк кат жаздырып кетишкен. “Андан соң Бишкек шаардык прокуратурага чакыртышты, бирок мен макул болбой коюп дүйшөмбү күнү саат онго прокурордун орун басары чакырык таштап кетти. Менимче бийлик президенттин атына шек келтирди деген кине менен “Ачык саясат” гезитин жабууга аракет кылып жатат. Мунун баарын саясий куугунтук, сөз эркиндигин басмырлоо катары баалайм”, - деди Ы. Момбеков “Азаттыкка” курган маегинде. Ал эми Бишкек шаардык прокрорунун орун басары менен байланышканыбызда, ал Ырысбай Момбеков менен жолугушканын, чакыруунун чоо-жайын өзүнө түшүндүргөнүн билдирди. (ES)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG