Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:23

Барак Обама: Ооганстан боюнча "чыгуу стратегиясы" болуш керек


Ооганстанда АКШ баштаган миссияны аяктоо үчүн ал өзү атагандай "чыгуу стратегиясы" керектигине токтолгон Барак Обама "60 минут" деп аталган жаңылыктар программасындагы интервьюсундагы согушту жалгыз эле армия аяктай албай турганын белгиледи. Обаманын айтымында, анын администрациясы азыр Ооганстан-Пакистан чөлөкөмүндө "кеңири масштабдуу стратегияны" ишке ашырууну көздөөдө жана бул стратегия "чыгуу планын" да камтуусу керек.

Барак Обама кошумчалагандай, Вашингтондун Ооганстандагы башкы максаты –"ал-Каида" АКШга жана анын өнөктөштөрүнө кол салалбай турганына ынануу. Бул максатка жетүү үчүн балким Ооганстандын экономикасы өнүгүүсү, ал эми коңшу Пакистанда дипломатиялык аракеттер жакшыруусу керек.

Учурда АКШ администрациясы Ооганстанда Талибан жана "ал-Каида" согушкерлерине каршы күрөштүн жаңы стратегиясын жарыялоого даярданууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG