Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:52

“Жарандык коом коррупцияга каршы” борбору Ички иштер министри менен жолугуудан баш бартты


Укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөкан Исмаилованын “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, буга Ички иштер министрлиги баштаган тартип коргоо органдарынын эски системада иштеп жаткандыгы башкы себеп болду.Ички иштер министри менен жолугушуу жана ага талап коюудан эч натыйжа чыкпайт, тескерисинче муну менен жарандык коом үй-бүлөлүк башкарууну таанып, үй-бүлөнүн чечими менен кызматка дайындалган мамлекеттик кызматкерлер менен кызматташууга барган болуп калат. Ошон үчүн кайсы бир кызматкерге талап коюудан мурун бутүндөй тартип коргоо системасы эмне үчүн натыйжасыз иштеп, эл аралык стандарттан артта калып жатат деген маселени чечүүгө аракет кылыш керек,-деди Төлөкан Исмаилова. Кыргызстандагы 19 бейөкмөт уюм президентке кайрылуу жолдоп, чуулгандуу кылмыштардын бетин ача албай жаткан Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди кызматтан алууну 14-мартта талап кылган. Министр Конгантиев бейөкмөт уюмдар менен бүгүн жолугушуп, талаптарын бирге талкуулоого макул болгон.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG