Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Ө.Текебаев: “Бийлик шайлоону ыплас ыкма менен баштады”


Бүгүн “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев турган көп кабаттуу үйдүн алдына 20 чакты адам келип, саясатчыны көчөгө чакырып, аны коркуткан сөздөрдү кыйкырып турушту. Бул тууралуу “Азаттыкка” Текебаевдин жубайы Айгүл билдирди. Анын айтымында, аял-эркектен турган топту атайы бир машина алып келип, кайра алып кеткен. Өмүрбек Текебаев муну “бийлик президенттик шайлоо өнөктүгүн ушундай ыплас ыкма менен баштап, үй-бүлөмдү аңдыганы аз келгенсип, эми психологиялык басым жасай баштады” деп баалагандыгын “Азаттыкка” билдирди. Ал эми президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматов “Азаттыкка” бийлик Текебаевге каршы андай иш-аракеттерди жасоого кызыкдар эмес, бийликке азыр өлкөдөгү саясий туруктуулук менен ынтымак зарыл деп, саясатчынын дооматын четке какты. (BD)

XS
SM
MD
LG