Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:04

БУУнун Копсуздук кеңеши Ооганстан боюнча резолюция кабыл алды


Бир добуштан жактырылган резолюцияда Ооганстандагы быйылкы президенттик жана жергиликтүү шайлоолор ишеним жараткандай болуп өткөрүлүүсүн кепилдөө зарылдыгы белгиленген. Коопсуздук кеңеши ошондой эле БУУнун Ооганстандагы миссиясынын бүгүн аяктап жаткан мандатын дагы бир жылга узартты.

Быйыл 20-августка белгиленген президенттик шайлоо АКШ менен НАТОнун Ооганстанды стабилдештирүү боюнча жети жылга созулган аракети үчүн өтө маанилүү сыноо катары каралууда. Учурда Ооганстанда 70 миңдей чет элдик аскер кызмат өтөп жатат.

XS
SM
MD
LG