Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:37

И. Исаков: Мурунку катачылыктарга жол бербейбиз


24-марттагы ыңкылап, анын максаттары, катачылыктары тууралуу ыңкылаптын активдүү катышуучу-лидерлеринин бири Исмаил Исаков "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: - Исмаил мырза, мындан төрт жыл илгери 24-мартта ыңкылап болуп, бийлик алмашкан эле. Ошол ыңкылап эмнеси менен эсиңизде калды?

И. Исаков: - Чындыгында ошол ыңкылап учурунда биз чоң үмүт менен аракеттерди жасап, келечекте жакшы бийлик системасын куруп, ошол система элге кызмат кылып, элдин турмушу жакшырып, демократиялык принциптерди бийик тутуп, адамдардын укугун, сөз эркиндигин сактап, жакшы өлкөгө айланабыз дегенбиз. Бирок убадасын берип, биздин ишенимде болгон президент Курманбек Салиевич чындыгында башкача иш алып кетип, биз ошонун азабын учурда тартып жатабыз. Ошонун негизинде криминалдык элементтер көбөйүп, бийлик ошол жол менен кетип, бүгүн ошонун мүшкүлүн тартып отурабыз. Стратегиялык объекттерди менчикке беребиз деп, аларды дурустап иштетпей, көп ишканалар жабылып, жумушу жок адамдар башка өлкөлөргө кеткенге мажбур болуп жатат. Жаман жактары ушунтип оркоюп чыгып, жакшылыгы байкалбай калат экен. Бүгүнкү күндө мына ушундай түзүлгөн кырдаалдан кризистерден чыга албай, экономикалык, социалдык маселелерди чече албай жатабыз. Тышкы саясат, кадр маселесинде да жакшы жолго бурула албай, жаман жолго түшүп кеткенибиз абдан өкүнүчтүү болуп, эсте калып жатат.

“Азаттык”: - Ыңкылаптын алдында, маселен 23-мартта кандай жыйындар болгон. Азыркы мезгилде айтылып калгандай уюшулган топ бийликти басып алды дегенге негиз болгонбу? Ушундай жашыруун максаттар, ойлор болуп, алар тар чөйрөдө талкууланган беле?

И.Исаков: - Жашыруун эч нерсе болгон эмес. Бардык нерсени биз ачык эле айтып жүргөнбүз. Чогулуштарыбыз да ачык болгон. Оппозициялык жетекчилер, партия өкүлдөрү коомчулуктан жашырган эч нерсе болгон эмес. Биз ошондо чындыгында ойлогонбуз, президенттин кызматтан кетишин талап кылып чыгабыз, анан ал өзү чыгып билдирүү жасаганда, мүмкүн тарайбыз дегенбиз. Бирок биз ойлогондой болбой калды. Ак шапкечендер таяктар менен чогулган элди коркута турган болгондо, митингиге чогулган эл күчтүү дем менен келгендиктен аларды кайрадан кууп, Ак үйгө чейин кирип барган. Акаев болсо качып кеткен. Мына ошентип бүгүнкү бийлик орноп калган.

“Азаттык”: - Басып алуу дегенде – мына Жалал-Абадда басып алышкан, Ошто басып алышты. Мына эми акыркысы 24-мартта Бишкекте Ак үйдү басып алуу максаты болгон деген сөздөрдү айттым эле...

И.Исаков: - Эми мына ошондой айыптар болуп жаткандыр. Бирок мен катышкан жыйындарда басып алуу тууралуу сөз болгон эмес. Биз алдыга койгон максаттарыбызда “Ак үйдү басып алабыз”, “Акаевди кууп жиберебиз” деген ой болгон эмес. Бирок ошол учурдагы, өзгөчө түштүктөгү абал ошого алып келди. Себеби деген андай шарттын түзүлүшүнө бийлик өзү күнөөлүү болуп калган. Чогулган элди күч органдары менен уруп-сабагандан кийин элдин кыжыры кайнап, аягында радикалдуу кадамдарга барган. Бийлик канчалык катуу чара көрүп, мыйзамды өздөрү көбүрөөк бузса, эл ага беш-алты эсе тескери мамиле жасайт экен. Мына ошонун негизинде түштүктө бийликти алуу ишке ашкан. Бул жерде да мына ошондой окуянын негизинде Ак үй алынып, Акаевдин качуусуна негиз болгон. Эгерде алар өздөрү күч органдарын элге каршы койбогондо андай окуя болбойт эле.

“Азаттык”: - Ошол кездеги президент Акаев чет өлкөлөргө кайрылуу жасап, жардам сурап, өзүнүн бийлигин калыбына кетирүүгө аракет жасаганбы? Чет өлкөлүктөр Кыргызстандагы окуяларга кийлигишүүгө аракет жасаганбы?

И.Исаков: - Албетте, качып кеткенден кийин андай аракеттер жасалган. Алар тууралуу кийинчерээк кенен сөз кылабыз.

“Азаттык”: -
Азыркы мезгилде кырдаал кандай өнүгүүдө. Ошол кездегидей бийликтин катачылыгы азыркы бийликтен кайталанып жатабы?

И. Исаков: - Ошол окуяны башынан кечирген президент Бакиев эгерде эл үчүн, келечек үчүн деген максаттары болсо, ошондой окуялар болгон эле деп эсинде болсо, ал кездеги бийлик жасаган кадамдарга барбайт. Бирок бүгүнкү Курманбек Бакиев курган бийлик криминалдашып кеткен. Мына ошол криминалдык элементтерди пайдаланышы ыктымал. Бийлик айтып жатат, биз андай окуяларга жол бербейбиз, буларды талкалап коебуз дегендей сөздөрдү айтып жатат. Эгерде андай кадамдарга барса, анда өзүнүн башынан өткөн окуядан сабак албаганы. Бул өтө кооптуу жол. Анда элдин кыжыры кайнап турган шартта эл өтө опурталдуу ишке барышы ыктымал. Мындай мисалдар көп. Мисал үчүн Румыниянын президенти Чаушескинин тагдыры кандай болгон? Эгерде элге каршы криминал, күч органдары аркылуу күч колдонсо, чоң өрт чыгып кетиши ыктымал болуп, ага жоопкерчилик бийликтин мойнуна илинет.

“Азаттык”: - Төрт жыл мурдагы окуяга кайрылып, эмнени башкача кылса болот деп ойлойсуз?

И. Исаков: -
Биздин кетирген катабыз ошол учурда алып чыгып жаткан президент менен так ачык сүйлөшүп, мына мындай системаны курабыз, мындай кадамга гана барасың деп, такташып албаганыбызда. Экинчиден, ошол учурда алып чыгып жаткан адамыбызды бардык жогунан бери изилдеп, кандай иштеген, анын тегерегинде кимдер бар, тууган-уруктары кандай деп эсепке алган эмес экенбиз. Анын жөндөмү жөнүндө, ишке мамилеси кандайлыгын эсепке албай, катачылыктарга жол берген экенбиз. Эми болсо оппозиция ошолорду эске алып, алгач кандай система курабыз, экономика, социалдык жагы кандай болоорун тактап туруп, план, концепция менен чыгабыз деген ойдобуз. Бул багытта баарыбыз бир команда болуп, бирдиктүү болуп чыгабыз деген чечим кабыл алдык. Мен ойлоймун, биз мурдагыдай катачылыктарга жол бербеш үчүн чоң аракеттерди жасайбыз.

“Азаттык: -
Маегиңизге чоң ырахмат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG