Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:21

Бүгүн Кыргызстанда жалпы эл каттоо башталды


Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Орозмат Абдыкалыковдун “Азаттыкка” билдирүүсу боюнча, эл каттоо бүгүн түнкү саат он экиде автовокзал, темир жол вокзал жана аэропорттордо башталды. Тутуму 16 миң 700 кишиден турган эл каттоочулар азыр бардык өлкө аймагында адамдар менен турак-жайларды каттоого ала башташты. Алардын ишинин так жүрүшүнө 3 миң 535 адамдан турган көзөмөлдөөчүлөр тобу көз салып жатышат. Алар адамдардын аты-жөнү, турган жеринен тышкары жашын, тилин,жынысын, билимин,жумуш менен камсыздыгын, улутун, билимин каттап жатышат. Ар бир он жылда жүргүзүлүүчү эл каттоо өлкөнүн экономикалык-социалдык өнүгүүсун пландоо жана илим изилдөө үчүн зарыл.Бул жолу турак-жайды каттоого алуу регион, облус, шаар, кыштактардын келечектеги өнүгүүсүн аныктоо үчүн зарыл болду,-деди О.Абдыкалыков.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG