Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Ыңкылаптын төрт жылдыгында арналган жыйын болду


Бүгүн 24-март ыңкылаптын төрт жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын опера жана балет театрында болду. Ага Мамлекеттик катчы Нур уулу Досбол баштаган бийлик кызматкерлери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Мамлекеттик катчы Нур уулу Досбол сөз сүйлөп, Кыргызстан акыркы төрт жыл ичинде өнүгүүгө багыт алып, бюджеттин көлөмү эки жарым эсеге өстү жана президент Курманбек Бакиев мамлекетти реалдуу демократиянын принциптеринин негизинде башкарып жатат деп билдирди. Ал эми Жогорку Кеңештеги Коммунисттер фракциясынын депутаты Анаш Сейитказиев “Азаттыкка” революциянын чыныгы талаптары аткарылган жок, ошон үчүн коомчулукта бул күнү майрамдык маанай эмес, тескерисинче талап-тоноочулардын майрамы деген көз караш күчтүү деп билдирди.(BD)

XS
SM
MD
LG