Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Ошто ыңкылапчыларга акчалай сыйлыктар таркатылды


Ош шаарынын жетекчилиги ыңкылапчыларга «Кашкар» кафесинде салтанат уюштуруп, тарыхый окуя мезгилинде айырмаланган жарандарга акчалай сыйлыктарды тапшырды. Биринчи вице-мэр Арфидин Аланов өз өмүрүн жана үй-бүлөсүнүн тагдырын тобокелчиликке салып, 2005-жылы жаңы бийликти орноткондордун эрдигине таазим этип, аларды мамлекет такай камкордукка бөлөй тургандыгын убада кылды. Коомдук ишмер Токтосун Абдыкадыров төрт жыл ичинде элдин турмушу кыйла жакшыргандыгын эске салып, ушундай жылыштарды жараткан Курманбек Бакиевди дагы бир мөөнөткө шайлоого үндөдү. Март ыңкылабында Ошто штаб жетекчиси болгон Мырзабек Акматов 2005-жылы улуттук лидерди тандоодо терең жаңылышкандыгын билдирип, элдин жашоосунун бара-бара оңолушу тышкы мигранттардын эсебинен болуп жаткандыгын белгиледи. (ATo)

XS
SM
MD
LG