Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:33

Дүйнөдө бир эле учурда СПИД жана кургак учук менен ооругандар көбөйдү


Бул тууралуу Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму билдирди. Уюмдун жылдык докладында айтылгандай, бир эле учурда СПИД жана кургак учук менен ооругандардын саны азыр бир миллион 370 миң адамды түзөт. 2006-жылы бул көрсөткүч 700 миң деп эсептелчи.

Иликтөөчүлөрдүн айтымында, цифралардын чукулунан көбөйгөнү медициналык изилдөөлөрдүн масштабы кеңейгенине байланыштуу. Анткени мурда маалымат 13 эле өлкөдөн келсе, азыр 64 мамлекеттен түшүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG