Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:36

Москвадагы элчиликтин имаратын менчикке алуу маселеси каралат


Мындай сүйлөшүү Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаевдин Орусияга болгон иш сапары учурунда боло тургандыгын министрликтин КМШ өлкөлөрү боюнча департаментинин деректири Асеин Исаев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бул суроо айрым бюрократиялык маселелерден улам чечилбей, ошол себептүү имаратка ремонт жасалбай келген. Ошондой эле министрдин Орусияга болгон иш-сапарында “Манас” аба базасы боюнча сөз болбойт. “Бул Кыргызстандын өз чечими болгондуктан, ал жакта талкууга алынбайт”, - дейт А.Исаев. Мындан сырткары министрдин иш-сапары учурунда Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров, ошондой эле Москва шаарында билим алып жаткан студенттер менен жолугушат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG