Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

Кыргызстандын түштүгүндө 5-6 баллдык жер титирөө болушу ыктымал


Мындай маалыматты “Азаттыкка” Илимдер академиясынын сейсмология институтунун деректири Канат Абдырахматов билдирди. Анын айтымында, жердин силкинүүсү Нура, Алай аймагында болушу күтүлүүдө, бирок бул кыйроого алып келбейт. “Жалпысынан Кыргызстанда сеймикалык абал тынч эле. Бирок биз алган маалыматка караганда, Ош жана Жалал-абад аймагында 5-6 баллдык жер титирөө болушу мүмкүн. Андан сырткары ушундай эле баллдагы жер титирөө Чүй өрөөнүнүн күн чыгыш жана Ысык-Көлдүн күнгөй жагында болушу ыктымал. Бул кыйроолорго алып келбейт”, - дейт К.Абдырахматов. Аталган институттун изилдөөлөрү боюнча Кыргызстанда жыл сайын 3 миң жер титирөө болсо, анын 80%ы өлкөнүн түштүк аймагында болот. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG