Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

М.Казакбаев: Оппозиция бир лидерди алып чыкса деле кыйын болот


Саясат талдоочу Марат Казакбаев жайында боло турган президенттик шайлоого оппозиция бир лидерди алып чыкса деле аларга кыйын болорун “Азаттыкка” билдирди. Ал мунун себебин оппозиция өкүлдөрүнө караганда президент Курменбек Бакиевдин эл арасында аброю чоң деп түшүндүрдү. “Оппозиция сөзсүз шайлоого бир талапкерди, бир лидерди алып чыгышы керек. Антпесе алар утулат. Бирок алар өздөрү айткандай бир адамды көрсөтө алабы, жокпу аны убакыт көрсөтөт”, - дейт саясат талдоочу. Ошондой эле М.Казакбаев салмактуу саясатчылар катышып жаткандыктан боло турган президенттик шайлоо акыркы парламенттик шайлоодой бурмаланбайт, чоң мыйзам бузуулар болбойт го деген ойдо. (КЕ)

XS
SM
MD
LG