Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:53

Ө.Текебаев: 24-марттагы президенттин теле кайрылуусу өзүнүн сөзү эмес


Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, президент Курманбек Бакиев теле кайрылуусунда карандай калпты айтып, жасаган иши менен айткандары дал келбей теңирден тескери саясатты жүргүзүп жатат. “Ошондуктан анын мындай шайлоо алдындагы тактикасына ишенбейбиз. Кайрылуудагы ар бир пункттуна анын аракеттери карама-каршы келерин биз далилдей алабыз”, деди Текебаев. Кечээ кечинде президент К.Бакиев улуттук каналдагы кайрылуусунда өлкөнүн жаңылануу багытын сунуш кылып коомдук системанын механизмдерин, багыттарын башка нукка салуу керектигин, ал үчүн чыныгы көп партиялуу система жана конструктивдүү оппозициянын ишмердигине шарт түзүү, жарандык коом институттары менен диалогго жана кызматташтыкка жетишүү зарылдыгын белгилеген. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG