Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:53

“Лица” гезити убактылуу жабылууга мажбур болду


Буга журналист Сыргак Абдылаевге болгон кол салуу себеп болду, деп билдирди “Азаттыкка” аталган гезиттин башкы редактору Бермет Букашева. Анын айтымында, С.Абдылдаев “Лица” гезитинде дагы кабарчы болуп иштеп, чындыкты чагылдырган бир топ курч макалаларды жазган. “Ага уюштурулган кол салуу, мага карата эскертилген психологиялык кысым. Ошондуктан биз өзүбүздүн коопсуздугубузду камсыз кылуу үчүн “Лица” гезитин убактылуу жабууга мажбур болдук. Гезитти качан басмадан чыгарабыз азырынча белгисиз”,-дейт Букашева. 3-мартта “Репортер-Бишкек” басылмасынын кызматкери Сыргак Абдылдаевге белгисиз адамдар кол салып, денесинин 21 жерине бычак сайып, эки колунун чыканагынан жогор жагы, далысы сынганча сабап кетишкен. Бүгүн Бишкектеги травмотологиялык жана ортопедиялык борбордо профессор Сабыр Жумабеков журналист Абдылдаевдин сынган сөөктөрүнө операция жасоодо. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG