Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:31

Жол кырсыгынан күйгөн сөөктөр боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыга элек


Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 13-мартта жол кырсыгынан белгисиз жагдайда өрттөнүп кеткен үч адамдын сөөгүнүн бирөөсү президенттин мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов болушу мүмкүн делген күйгөн сөөктөр Москвага ДНК экспертизасына жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгы ИИМдин тергөө бөлүмүнө келгенден кийин маалымат жыйыны өткөрүлүп коомчулукка маалымдаларын басма сөз кызматы кабарлады. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев болсо жол кырсыгына байланыштуу медицина тармагына тиешелүү иштер жасалганын, ДНК экспертизасынын жыйынтыгы ИИМдин тергөө бөлүгүнө берилерин, калган иштер ИИМ тарабынан иликтенип жыйынтык чыгарыларын билдирди. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG